Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Курултай жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууланды


Бүгүн Бишкекте "Курултай жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Бул долбоор парламентте биринчи окууда кабыл алынган. Бүгүнкү талкууну Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети уюштурду. Аны өткөрүүгө АКШнын USAID программасы жардамдашты.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттар Каныбек Иманалиев жана Кенжебек Бокоев элдик курултайдын ишин баштоо жана уюштуруу тартиби, анын ыйгарым укуктары кандай болоорун айтып беришти. Жыл сайын өтүп туруучу республикалык курултай мамлекеттик органдардын жана мекеме кызматкерлеринин иши боюнча маалымат алуу укугуна ээ болоору, эл менен бийлик ортосундагы аралыкты кыскартуу максаты коюлуп жатканы айтылды.

Депутат Курманбек Осмонов буга чейин бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө курултай өткөрүп келген учурлар болгонун, келечекте мындайга жол бербеш керек экенин кошумчалады.

"Элдик курултай" коомдук кыймылынын төрагасы Кадыр Кошалиев курултайдын делегаттарына сотторду тандап кызматка алуу ишине, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө катышуу укугун берүү керек экенин айтты.

Курултай жөнүндө мыйзам долбоору боюнча кийинки коомдук талкуу 27-апрелде Ошто өтмөй болууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG