Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Мугалимдер мектептеги зомбулукка каршы окуудан өтүштү


Балдардын укугун коргоочулар лигасы мектеп зомбулугуна каршы долбоордун алкагында социалдык мугалимдер үчүн семинар-сабак өткөрдү. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында өттү. Социалдык мугалимдер мектептерде былтыртан тарта иштей баштаганы, алар зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү иши менен алектенээрин "Азаттыкка" семинардын уюштуруучулары айтышты. Балдардын укугун коргоочулар лигасынын билдиргенине караганда, Кыргызстандагы ар бир үчүнчү окуучу зомбулуктун тигил же бул түрүнө кабылат. (RK)

XS
SM
MD
LG