Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Франциядагы шайлоодо солчулдар лидери озуп чыкты


Кечээки добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, социалисттердин талапкери Франсуа Олланд добуштардын дээрлик 29 пайызын алды. Азыркы президент Никола Саркози андан бир жарым пайыздан азыраак артта калды.

Олланд Парижде кабарчылар менен жолукканда мындай деди:

- Мага тобо дегенге бардык негиз бар, ошол эле убакта элди сыйлайм. Шайлоо өнөктүгү уланууда. Ал аягына чыкса, эл кимди тандаганы билинет. Бирок биз алдыда келгенибиз чын, солчул талапкерлердин добуштары бар, башкалар да кошулат. Францияда эл өз тагдырын өзү аныктап алат деп ишенем.

Олланд менен Саркози эми 6-майга белгиленген экинчи айлампада ат салышат, добуштардын 50 пайыздан ашыгын алганы келерки президент болот.

XS
SM
MD
LG