Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Кыргыз президенти НАТО саммитине чакырылды


Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев май айында Чикаго шаарында өтчү НАТО саммитине АКШ президенти Барак Обамадан чакыруу алганын вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинде айтканын айрым жергиликтүү маалымат булактары жазып чыккан. Бул маалыматты "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булактардан да тастыкташты. Бирок президенттик администрация менен тышкы иштер министрлиги азырынча бул тууралуу расмий маалымдай элек.

Өткөндө иш сапары менен Бишкекке келген АКШ Мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк кыргыз президенти менен жолугушкан соң "Манастагы" АКШ транзиттик борборунун кийинки тагдыры НАТОнун Чикагодогу саммитинен соң белгилүү болоорун журналисттерге билдирген. Кыргыз тарап бул транзиттик борбор 2014-жылы мөөнөтү бүтөөрү менен чыгарылаарын айтып келет.

XS
SM
MD
LG