Мындай форматтагы алгачкы жыйын бүгүн Чикагодо ачылууда. Ага СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев, Далай Лама, АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер жана башка Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган 11 ишмер чакырылган. «Ачык айт, Эркиндик жана адам укуктарын колдоп сүйлө» деп аталган жыйындын чегинде лауреаттар Чикагонун мамлекеттик мектептеринде болуп, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон менен сый тамак ичишет.