Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Францияда Саркози ашкере улутчулдарды колдоду


Франциянын президенти Никола Саркози кечээки добуш берүүдө үчүнчү болуп келген Улуттук Майдан партиясынын талапкери Мари Ле Пендин шайлоочуларын жактап сүйлөдү:

"Улуттук Майдандын шайлоочуларын сыйлоо керек. Алар өз оюн айтышты. Бул кыйналгандардын, кризистин добушу, эмнне үчүн биз аларды ур-тепкиге алышыбыз керек?", - деди президенттик шайлоодо социалист Франсуа Олланддан артта калган Саркози.

Ле Пендин ийгилиги Евробиримдикте тынчсыздануу жараткан эле. Анын 18 пайыз добуш алгандыгын Германиянын канцлери Ангела Меркел «кооптондуруучу» жыйынтык деп баалаган. Добуштардын дээрлик 29 пайызын алган Олланд менен андан бир жарым пайыздан азыраак артта калган Саркози 6-майда экинчи айлампада беттешет.

XS
SM
MD
LG