Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Оппозициянын «сырдуу» эскертүүсү талкууга алынууда


Өкмөттү кетирип, Конституцияны өзгөртүүнү жана президенттин бийлигин күч алдырууну талап кылган оппозиция бүгүн саясый туруктуулук үчүн мындан ары жооп бере албай тургандыгын эскерткен. Өкмөттүн маалымат өкүлү Султан Каназаров "Азаттыкка" өкмөттү парламент гана тарката алаарын, конституцияны өзгөртүш үчүн зарыл болгон референдумду да өкмөт өткөрө албастыгын билдирди. Айрым байкоочулар туруксуздукка ички жана тышкы себептер бар экендигин белгилеп жатышат.

Ал эми президенттик аппараттын анализдөө бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев оппозициянын бул билдирүүсүн көмүскө коркутуу катары баалады:

- Ооппозиция “ушул кезге чейин өлкөдөгү туруктуулукка оппозиция жооп берип келген, эми биз жооп бербейбиз” дегендей айтып жатат. “Мындан кийин тынч митингдер эмес, башка формадагы митингдер болуп кетиши мүмкүн”, - деген маани бар.

"Калктын чыдамы түгөнүп, өлкөдө башаламандык же төңкөрүш болуп кетсе бардык жоопкерчилик президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жүктөлөөрүн алдын ала эскертебиз!", - деп айтылат "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана Кыргызстан коммунисттер саясый партиясы тараткан билдирүүдө. (JCH)

XS
SM
MD
LG