Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Пан Ги Мун Мьянмага барат


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Мьянмага бараарын, визит учурунда демократиячыл оппозициянын лидери Аунг Сан Су Чи менен жолугаарын билдирди. Баш катчы Мьянмага болжолу менен 29-апрелде аттанат. Дүйшөмбүдө Евробиримдик Түштүк Азиядагы бул өлкөгө каршы санкцияларды бир жылга убактылуу токтотоорун жарыялаган. Бул чечим Мьянманын бийлиги реформаларды ишке ашырып жатканына байланыштуу кабыл алынды. Бирок курал эмбаргосу күчүндө кала бермекчи.

Аскерий хунтанын ордуна келген жарандык бийлик ушул айда шайлоо өткөрүп, Нобел сыйлыгынын лауреаты Аунг Сан Су Чинин партиялаштары парламент мандаттарына ээ болушту.

XS
SM
MD
LG