Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:09

Карзай АКШлык конргессмендин Кабулга келишин каалабайт


Америкалык конгрессмен Дана Рохрабачер Ооган президенти Хамид Карзайдын кысымы менен Кабулга сапарынан баш тартты. Бул маалыматты конгрессмендин кеңсесинен тастыкташты. Карзай АКШлык мыйзамгердин өлкөгө келишин каалабай турганын айткан. Калифорния штатынан шайланган республикачыл конгрессмен Карзайды катуу сындагандардын бири. Анын жардамчылары ырасташкандай, Карзай мыйзамгер келе турган болсо, атүгүл АКШнын делегациясын ташыган учакты кондурбай койоорун эскерткен.

Америкалык делегация Ооганстанга жума күнү Дубайдан учуп бармакчы. Ооган президентинин талабы АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон аркылуу билдирилген. Рохрабачер Өкүлдөр палатасында көзөмөл жана иликтөө боюнча кичи комитетти жетектейт. Ал Кабул өкмөтүндөгү коррупция иштери жөнүндөгү маалыматтарды текшерүүгө үндөп келген.

XS
SM
MD
LG