Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Пентагон башчысы Иран пилотсуз учактын сырын ачканына ишенбейт


АКШнын коргоо министри Леон Панетта Иран америкалык пилотсуз учактын технологиялык сырларын ачканына ишенбесин билдирди. Тегеран декабарда колго түшкөн америкалык учактын негизинде ага окшош учак жасай алаарын ырастоодо. Америкалык пилотсуз учак былтыр жыл этегинде Ооганстандын чек арасынан 200 километрдей алыс жерге, Ирандын аймагына кулап түшкөн. Тегеран аны атып түшүргөнүн ырастаса, НАТОнун расмий өкүлдөрү учак техникалык себептенрден улам кулаганын айтышууда. Ал жабдык АКШдагы эң заманбап жана жашыруун технологиянын негизинде жасалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG