Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Анжелина Жоли Сараевонун ардактуу тургуну болот

Америкалык киноактриса Анжелина Жоли Сараевонун ардактуу тургуну деп аталды. Шаар бийлиги Голливуддун жылдызын 3-майга белгиленген салтанатка чакырды. Бул наам жыл сайын гуманизм, демократия жана толеранттуулук идеяларын жайылткан чет өлкөлүк жаранга ыйгарылат. Жакында Жолинин режиссердук дебюту – “Кан менен балдын жеринде” деген фильми көргөзүлгөн. Анда 1992-95-жылдардагы Босниядагы согуш жөнүндө баяндалат. Урушта жапа чеккендер фильмди объективдүү жана чын жүрөктөн тартылган деп баалашты. Босниядагы согуш 100 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.
​
XS
SM
MD
LG