Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Иран менен Сирияга каршы жаңы санкциялар киргизилүүдө


АКШ президенти Барак Обама Иран менен Сирияга каршы жаңы санкциялар тууралуу жарыялады. Вашингтондо Холокост музейинде сүйлөгөн кезинде ал адамзат жек көрүүчүлүктүн тамыр жайшына жана массалык кыргынга жол бербеши керек деди. Обама жарандарды бутага алган, адам укуктарын бузган Иран менен Сириядагы жеке адамдар менен ишканаларга каршы АКШ санкцияларды киргизгенин билдирди.

Дүйшөмбүдө Евробиримдктин тышкы иштер министрлери да Сирияга каршы санкциялардын жаңы топтомун жактырды.

Ошол эле күнү БУУнун баш катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Сириядагы элдешүү толугу менен сакталбай жатканын билдирген. Президент Башар Асаддын аскерлерди жана техниканы шаарлардан чыгарып кетүү убадасына карабай, өлкөдө айрым куралдуу кагылышуудар уланууда.

XS
SM
MD
LG