Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Бишкекте эки кыз өрттөн куткарылды


Куткаруучулар Бишкектин 5-кичи районунда беш жана жети жашар эки кызды өрттөн аман алып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Балкондо матрац күйүп, бөлмөнүн ичи түтөй баштаган. Ичинде калган беш жашар Адамалиева Айпери жана жети жашар Адамалиева Сезимди бөлүм башчы прапорщик К.Эркесариев куткарган. Кырсыктын себеби - тамеки тартуудагы этиятсыздык экени айтылууда. Окуя 23-апрелде түштөн кийин болгон.

Ошондой эле 23-апрелде куткаруучулар Токмокто өрт кырсыгынан бир кишини аман алып калышты. Өрт тамекинин чогунан тутанганы айтылууда. Үйдүн чатыры күйүп кетти, үй ээсинин мейманы 38 жаштагы Потехин Н. куткарылды.

Бирок кечээ катталган өрт кырсыктарында эки кишинин өмүрү жалманганы да кабарланууда. Бишкектин четиндеги Киргизия-1 конушунда бир үй толугу менен күйүп кетти. Ээси, 1927-жылы туулган Валентина Балицскаянын түтүнгө ууланып күйгөн сөөгү табылды. Божомол себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. Ал эми Ибраимов көчөсүндөгү №45 үйдө майга күйгөн шам чырак жарылып, 1966-жылы туулган Осмоналиев Каныбектин денесинин 96% күйүк алып, ал реанимацияда эсине келбей көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG