Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Спратлен: Ооганга Кыргызстандан азык-түлүк алууга даярбыз


Транзиттик жүк ташуу борбору жана Оогандагы коалициялык күчтөр Кыргызстандан азык-түлүк сатып алууга даяр. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан жыйында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен билдирди. Анын айтымында, бир айда Жүк ташуучу борбор 300 миң порция тамак-аш керектейт. Негизгиси - суу, нан жана жашылча жемиш.

Бүгүнкү симпозиум Транзиттик жүк ташуучу борбор менен бизнес-алака түзөм деген жергиликтүү компаниялар үчүн уюштурулду. Ага катышкан ишканалар өзүлөрү өңдүргөн азык-түлүк продукциясын Транзиттик жүк ташуу борборуна сатуу жолдору жөнүндө кеңири маалымат алышты.

2001-жылы Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн алгач коалициялык күчтөдүн авиабазасы болуп Бишкектин четинде ачылган Транзитик жүк ташуучу борборду азыр АКШ өкмөтү каржылайт. Ал аркылуу күнүнө ооганда кызмат өтөгөн миңдеген аскерлер өтүп турат.(RK)

XS
SM
MD
LG