Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Жаш түркологдордун эл аралык симпозиуму өтөт


Бишкекте Жаш түркологдордун V эл аралык симпозиуму өтөт. Анын уюштуруучусу – кыргыз-түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин түркология бөлүмү. Симпозиум 25-апрелде башталат. Түркологиянын азыркы күндөгү маселелери боюнча илимий докладдар сунушталат. Быйыл бул иш-чарага алты өлкөдөн (Түркия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, Афганистан) 150гө жакын доклад келип түшүп, анын 90у кабыл алынды. 90 катышуучунун 11и Түркиядан, 37си Казакстандан, бирөө Кытайдан, калгандары Кыргызстандын университеттеринен келди. Бул тууралуу Манас университетинен кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG