Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Коогада жабыркаган ишкерлерге былтыр 450 миллион сом бөлүндү


Июн коогасында жабыркаган ишкерлерге өкмөт былтыр кошумча 450 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу ушу тапта парламенттеги коалицияга отчет берип жаткан премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди.

Өкмөт башчысынын айтымында, "Датка-Кемин" долбоорун куруу баасы 256 миллион доллардан 208 миллион долларга чейин түшүрүлдү. Кен казып, чалгындоо иштери менен алектенген 46 компаниянын лицензиясы мыйзам бузганы үчүн кайра алынды. Кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында бир топ аракеттер жасалып, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү делген 270 адам кармалды. (RK)

XS
SM
MD
LG