Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Орус оппозициясы 1-майда митинг өткөрөт


Москва шаар бийлиги оппозициянын 1-май күнү Болотная аянтында өткөрчү митингине уруксат берди. Бул тууралуу алдыңкы күндөрү Москвада өтө турган митингдерди уюштуруу комитетинин мүчөсү Ольга Романова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Митингде таза шайлоо өткөрүү, адам укуктарын коргоо жана соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо сыяктуу талаптар бийликке коюлат. Оппозиция активисттери Москва мэриясына Владимир Путиндин президенттик инаугурациясы өтчү 6-май күнү “Миллиондор маршын” өткөрүү тууралуу да арыз берген.

Талдоочулар алдыдагы митингдерге эл мурдагыдай агылып келбейт деп билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG