Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Amnesty International: Европада мусулмандар басмырланууда


Amnesty International адам укугун коргоочу уюм Европа өлкөлөрүндө мусулмандарды басмырлоо күчөп жатат деп билдирүү таратты. Аталган уюмдун эксперти Марко Перолини Франция, Испания, Бельгия жана Нидерландия өлкөлөрүндө жашаган мусулмандардын жашоосун иликтеп атайын доклад даярдады. Докладда айтылгандай, диний жөрөлгө катары башына жоолук салынган мусулмандар жумушка орношууда же окуу жайга өтүүдө тоскоолдуктарга кабылышат. Amnesty International уюму Евросоюзга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилигин адам укугун басмырлаган мыйзамдардан оолак болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG