Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Египет: мурдагы бийликте иштегендер эми президенттик үчүн ат салыша албайт


Египеттин Жогорку аскер кеңеши мурдагы президент Хосни Мубарактын режиминде жогорку кызматта иштегендер алдыда өтчү президенттик шайлоодо талапкер боло албайт деген мыйзамды жактырды. Бул тууралуу бүгүн египеттик басылмалар жазып чыкты. Бул мыйзам мындан мурдараак исламчылар басымдуулук кылган жаңы парламентте кабыл алынган болчу. Эми президенттик кызматка Мубарактын тушунда премьер-министр болуп иштеген Ахмед Шафик жана ошол кездеги вице-президент Омар Сулейман катыша албайт.

Талапкерлердин акыркы тизмеси ушул бейшемби күнү жарыяланат. Байкоочулар парламент жана Жогорку аскер кеңеши бул мыйзам аркылуу мубаракчылардын жеңишке жетишинен коркуп, ушундай кадамга барды деп айтып чыгышты. Бир аз мурдараак Египетте коомчулук арасында Омар Сулеймандын кадыры күтүүсүз көтөрүлүп, президенттик шайлоодо утуп чыгууну көксөгөн исламчылардын үшүн алгандай болгон.

XS
SM
MD
LG