Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Түркия Обаманын сөздөрүнө байланыштуу өкүнүчүн билдирди


Түркия АКШ президенти Барак Обаманын Осмон империясы тушунда 1 жарым миллион армяндын өлүмүн эскерип жасаган комментарийине байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Обама ал окуяны 20-кылымдагы эң чоң кыргындардын бири деп атаган. Америкалык президент “армяндар ырайымсыз өлтүрүлгөнүн айтып”, ошол эле маалда “геноцид” деген сөздү колдонгон жок. Түркиянын тышкы иштер министрлиги Обаманын сөздөрүн “бир тараптуу, тарыхый фактыларды бурмалоо” деп мүнөздөдү. Армяндар менен көпчүлүк тарыхчылар Осмон империясынын акыркы күндөрүндө болгон окуяларды геноцид деп атап жүрүшөт. Ал эми түркиялыктардын көбү аны Биринчи дүйнөлүк согуш алып келген жалпы баш аламандык менен байланыштырышат.

XS
SM
MD
LG