Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

"Бирдиктүү Орусияны" эми Медведев жетектейт


7-майда президенттик кызматка кирише турган Владимир Путин “Бирдиктүү Орусия” партиясынын төрагалыгынан кетээрин жарыялады. Бул кызматты ал болочок премьер-министр, азыркы мамлекет башчы Дмитрий Медведевге өткөрүп бермекчи.

- Себеби Дмитрий Медведев Мамлекеттик думага шайлоодо "Биридиктүү Орусиянын" тизмесин баштаган жана мен буга чейин бир нече жолу айткандай, президент катары аны өкмөт башчылыкка көрсөткөнү жатам. Ал партияны да жектесе, туура болот деп ойлойм.

Путиндин айтымында, президент бейтарап болууга тийиш.

Ал партияны акыркы 4 жылдан бери жетектеп келген. Декабрдагы шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” 2007-жылкы шайлоодон кыйла аз добуш алды. Оппозиция шайлоо бурмаланганын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG