Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

Лахордогу жардыруудан 2 киши өлдү

Пакистан полициясы тараткан маалыматка караганда, Лахор шаарындагы темир жол вокзалында бомба жарылуусунан кеминде 2 киши өлдү, 20дан көп киши жараланды. Тергөөчүлөрдүн болжолунда, баштыкка салынган 6-8 килограммдык жардыргыч затты кассанын жанына калтырып кетишкен. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бийлик текшерүүдөн өткөргөндө бомбаны кантип көрбөй калышканын иликтөөдө. Лахор – Панжаб чөлкөмүнүн борбору жана өлкөнүн экинчи ири шаары.
XS
SM
MD
LG