Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Пентагон башчысы Пхеньянды провокацияга барбоого чакырды


АКШнын коргоо министри Леон Панетта Түндүк Кореяга “провокацияга барбоо” эскертүүсүн жасады. Министр андай иш-аракеттер дүйнөнүн кооптуу регионунда бейстабилдүүлүккө гана салым кошууда деди. Акыркы күндөрү Пхеньян үчүнчү ядролук сыноо өткөргөнү жатат деген сөздөр айтыла баштады. 13-апрелде Түндүк Корея орбитага спутник жеткире турган ракета учуруп, ал көтөрүлөөрү менен жерге кулап түшкөн. Эл аралык коомчулук Пхеньян иш жүзүндө баллистикалык ракетаны сыноого аракеттенген деп шектенүүдө. Бул кадамдан кийин өлкө АКШнын жардамынан кол жууп калды.

XS
SM
MD
LG