Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

"Көч" тасмасы эл аралык фестивалда гран-при алды


Кыргызстанда тартылган "Көч" тасмасы Катардын борбору Доха шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда гран-при алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" режиссер Молдосейит Мамбетакунов билдирди. 19-22-апрелде өткөн фестивалга дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен келген документалдык тасмалар катышты. Кыска метраждуу "Көч" тасмасы кыргыз-түрк Манас университетинин студиясында тартылган. Анда көчмөн кыргыз элинин тарыхы, кылымдар бою басып өткөн жолу тууралуу баяндалат. (RK)

XS
SM
MD
LG