Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Баткенде селдин кесепеттери жоюлууда


Баткенде 23-апрелдеги селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Жалпы Кыштут айыл аймагы боюнча селдин кесепетинен 123 турак үйдүн короо-сарайын суу каптаган, 10 турак үйгө суу кирген, 85 майда малды жана 55 бодо малды сел алган, 16 чакырым ички арык жана 8 чакырым ички чарбалык  жол кум-шагылга толгон.

Электр энергиясы өчүп калган Кыштут, Дара жана Суу-Башы айыл аймактарында жарык кайра жанды.

Нөшөр жаандын кесепетинен пайда болгон сел Кызыл-Кыя шаарын, Лейлектин Сумбула жана Катраң айыл аймактарын да каптаган. (RK)

 

XS
SM
MD
LG