Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Апрел окуясы боюнча сот убактылуу токтоду


Соттолуучу Мурат Суталинов айыкканга чейин апрел окуясы боюнча сот убактылуу токтоду. Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик-медицина кызматында дарыланып жатат. Бөйрөгүндөгү шишикти алыш үчүн операция 20-апрелде болмок. Бирок өпкөсүн жана жүрөгүн бир аз дарыламайынча операцияга уруксат берилбей койгон. Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшүнө айыптуу деп соттолуп жатат. Өзү бул айып негизсиз экенин айтууда. Соттолуучулардын саны 28 адам. Тизменин башында мурдагы президент Курманбек Бакиев турат. (RK)

XS
SM
MD
LG