Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:48

Аялдар абагында "таза зона" ачылат


№2 абакта "таза зона" ачылат. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Долбоорду ишке ашырууга Евробиримдиктин Борбор Азияда маңзат жайылышына жол бербөө программасы (CADAP-5) 25 миң евро бөлүп бермей болуп жатат. "Таза зонада" жашай турган аялдар үчүн шарт түзүлөт, эмерек, тиешелүү жабдуу сатылып алынат, абак кызматкерлери атайын окуудан өтөт.

Бишкектин четиндеги Степное айылындагы №2 колония Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы. "Таза зона" долбоору буга чейин №31 абакта иштей баштаган. Бул түрмөнүн ичиндеги түрмөдө аракечтиктен жана баңгиликтен арылууну каалагандар кармалат, дарыланат. (RK)

 

XS
SM
MD
LG