Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Жаңы-Өзөн боюнча мурдагы түрмө жетекчиси сотко келди


Актау шаарындагы сотто Женисбек Темиров Жаңы-Өзөндөгү декабрдагы кандуу кагылыштан кийин адамды мыйзамсыз камап, анын өз убагында дарылануусун камсыздаган эмес деп күнөөлөнүүдө. 50 жаштагы Базарбек Кенжебаев тополоң мезгилинде кармалып, камакта алган жарааттарынан көз жумганы кабарланган. Мунай жумушчуларынын иш таштоосуна байланыштуу чыккан коогада аз дегенде 16 карапайым жаран атып өлтүрүлгөн. Бул окуяга байланыштуу 5 тартип коргоочу да соттолууда. Мындан тышкары тополоңду козуткан деген кине менен 49 карапайым тургундун үстүнөн сот иши жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG