Кыргызстанда Баатыр энелердин саны эки эсе көбөйгөнү айтылууда. Аларга тиешелүү мамлекеттик сыйлыктарды убагында тапшыруу үчүн документтерин кабыл алууга даярдыкты жакшыртуу максатында атайын семинар өтүп жатат.
Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Бүбүкан Досалиеванын айтымында, семинар өткөрүүгө жер-жерлерден алдын-ала алынган маалыматка караганда 2013-жылдын 8-мартына карата сыйлоого сунушталчу көп балалуу энелердин саны өткөн жылдардагыдан эки эсе көп же 15 000ге чейин жетиши мүмкүн экендиги себеп болду. Катчылыктын мындай сандагы сыйлоо сунуштарын бирден иликтеп, мыйзам чегинде даярдалгандыгын текшерүү үчүн кеминде 5-6 ай талап кылынат.
“Ошондуктан сыйлоо материалдарын өз убагында жана мыйзам талабына ылайык даярдоо абдан маанилүү. Анткени кийинки жылдарда көп балалуу энелердин сыйлоо документтери жергиликтүү бийлик органдары тарабынан туура эмес даярдалып, кайра кайтарылгандыктан көп балалуу ондогон энелердин президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөт башчысына жана массалык маалымат каражаттарына жолдогон арыз-даттанууларын жаратууда”, - дейт Досалиева. (RK)