Беларуста адам укуктарынын бузулушуна нааразы болгон Европа Биримдиги феврал айында Минскидеги элчилерин чакырып алган. Саясий айыпкерлерди бошотууну талап кылган биримдик Беларуска каршы санкция да киргизген.
Чехиянын Беларустагы элчиси Йири Карас "Азаттыкка" Минскиге ушул жума күнгө чейин барып калаарын мындайча билдирди:
- Минскиге жакын арада, жума күнү барып калам. Беларуска кайтып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул жүрөгүмдүн бир бурчунан орун тапкан өлкө. Мага Беларус абдан жагат, мага ишенип коюңуз.
Полшанын жана Швециянын элчилери Минскиге кайтып барганы кабарланды. Литва менен Эстония да дипломаттарын жолго даярдап жатат.
15-апрелде Беларус бийликтери он чакты саясий айыпкердин экөөсүн абактан бошоткон эле.