Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Ливия: дин, уруу, улут боюнча партия болбойт


Ливиянын бийликтеги Улуттук өткөөл кеңешинин маалымат катчысы Мохаммед ал-Харизинин айтымында, өткөн түндөгү жыйынында «улуттук биримдикти» сактап калуу тууралуу чечим кабыл алынды. Мыйзам эки айдан кийин өтө турган Муаммар Кадафи кулагандан кийинки алгачкы жалпы шайлоону утурлап кабыл алынды. Анда исламчыл партиялар секулярдык, же диндин мамлекеттен ажырым болушун жактаган партияларды жеңип чыгат деп болжолдонуп жаткан.

Араб жазындагы толкундоолорду баштан кечирген Египетте, Тунисте жана Мароккодо Исламчы партиялар шайлоолордо алга озуп чыгышкан. Ливиянын "Мусулман агайындар" тарабынан түзүлгөн "Эркиндик жана өнүгүү" партиясы жаңы эрежени сынга алган.

XS
SM
MD
LG