Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Лейлекте жүздөй үйдү сел каптады


Баткендеги Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Раззаков жана Интернационал айылдарында кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандан катуу сел жүрүп, жүздөй үйдү короо-жайы менен суу каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Асанов билдирди. Анын айтымында, ушу тушта селден жабыркаган аймактар боюнча үч топ түзүлүп кырсыктын кесепетин жоюу, элди коопсуз жерге көчүрүү, чыгымдарды эсептөө боюнча иштеп жатат.

Баткендин губернаторунун орун басары Саитжан Эратов Интернационал айылы көбүрөөк жабыркаганын “Азаттыкка” билдирди.

Андан мурдарак, 23-апрелде кечинде Баткен районунун Кыштут, Согмент жана Газ айылдарында катуу жаандан сел жүргөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG