Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Тимошенкону немис доктурлары дагы текшерет


Украина бийлиги германиялык доктурлардан Юлия Тимошенконун саламаттыгын текшерүүнү өтүндү. Харьковдун түрмөсүндө отурган экс-премьер-министр ага ыдык көргөзүлгөнүн айтып, бир нече күндөн бери ачкачылык кармоодо. Украинын тышкы иштер министрлиги Германиянын өкмөтүнө расмий кат жөнөтүлгөнүн билдирди. Немис доктурларынын тобу үстүбүздөгү айда Тимошенкону көрүп кеткен.

Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып боюнча 7 жылга кесилген экс-премьердин адвокаты ал 20-апрелден бери ачкачылык кармап атканын, ал күнү кыр аркасы ооруп аткан Тимошенкону күчтөп ооруканага алып барып, жолдон сабап-урушканын маалымдады. Түрмөнүн бийлиги андай дооматтарды четке кагууда.

Европарламенттин төрагасы Мартин Шулц Киевге терең өкүнүчүн билдирди. Европа Биримдиги жана АКШ Тимошенко саясий себептерден улам камалган деп келатышат.

XS
SM
MD
LG