Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Бүгүн Чернобыл апаатына 26 жыл болду


Украинада Чернобыл кырсыгынын 26 жылдыгын эскеришүүдө. 1986-жылы 26-апрелде атомдук станциянын реактору жарылып, радиациялык булут Украина, Беларус жана Европанын бир катар өлкөлөрүн каптаган. Кырсыктын кесепетин жоюу учурунда ондогон кишилер каза тапкан. Бирок радиациядан ууланып, канча киши набыт болгону белгисиз.

Кечээ Славутич шаарынын борборунда курмандыктарды эскреүү иш-чарасы өттү. Алааматтан кийин станциянын жумушчулары дао ошол шаарга көчүрүлгөн. Ишкананын акыркы реактору 2000-жылы жабылган. Бирок станцияны биротоло демантаждоо дагы жылдарга созулмакчы.

XS
SM
MD
LG