Жогорку Кеңеште Кыргызстан Грузиянын тажрыйбасын алып өнүгүү үчүн пайдаланышы керекпи же жокпу деген маселе боюнча түрдүү пикирлер жаралууда. Кечээ депутат Турсунбай Бакир уулу грузин өкмөтүнүн тажрыйбасын Кыргызстан сөзсүз алышы керек деген пикирин айткан. Бүгүн парламентте "Кыргызстан менен Грузияны салыштырып болбойт, улам бир өлкөнү туурайбыз деп жатып Сомалиге айланып калбайлы" деген ойлор да айтылды. Ушуга байланыштуу депутат Ташболот Балтабаев Грузия чынында эле жакшы ийгиликтерге жетише алганын, демократиялык реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруунун жолдорун грузиндерден үйрөнсөк ашыкча болбосун айтып, "Кыргызстан Сомалиге айланбайт", - деди.
Грузия өкмөтүнүн чакыруусу боюнча бир катар депутаттар аталган өлкөдө кылмыштуулук, коррупцияга каршы иштер менен таанышып келген. (RK)
Грузия өкмөтүнүн чакыруусу боюнча бир катар депутаттар аталган өлкөдө кылмыштуулук, коррупцияга каршы иштер менен таанышып келген. (RK)