Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Өзгөндө эки жүздөй үйдү сел каптады


Оштун Өзгөн районунда нөшөр жаандан чыккан селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Өткөн түнү сел жүрүп, Мырза-Куршаб жана Кочкор-Ата каналдарына суу толду. Кызыл-Сеңир айылында сел алты үйдү короосу менен каптап кетти. Куршаб айылында 150 үйдү короо жайы менен каптады. Үйлөр жакка кеткен суу токтотулду, бирок эгин талааларын көздөй кеткен суу токтой элек. (RK)

XS
SM
MD
LG