Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алган кыргызстандык студенттердин ортосунда футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт. Бурса шаарында өткөн мелдеште биринчи орунду Стамбулдагы, экинчини Анкарадагылар жана үчүнчү орунду Измирден барган студенттер алышты. Турнирди Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги уюштурду. (RK)