Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:35

Кара-Сууда сел жүрүп жатат


Ушу тапта Оштун Кара-Суу районуна караштуу Курманжан Датка айылында нөшөр жаандын айынан сел жүрүүдө. Элди селден сактоо боюнча ыкчам топту өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү жетектеп жүргөнүн аталган министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Буга чейин Боронов Өзгөндө сел каптаган айылдарды кыдырып чыккан. Бир нече күндөн бери тынбай жааган жаандан Баткендин Лейлек районундагы жана Оштун Өзгөн районундагы бир нече айылда жүздөгөн үйлөрдү сел каптады. (RK)
XS
SM
MD
LG