Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

27-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
26-30-апрелде жаан-чачынга жана абанын жогорку температурада болушуна байланыштуу Бишкек - Ош тоолуу автожолунда (121-137-чакырымдарында, 198-265-чакырымдарында) кар көчкү коркунучу сакталат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

26-30-апрелде Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
27-апрелде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 16..21 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10 градус, күндүз 17...22
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 18..23,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4..+1, күндүз 14...19,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз 1..6 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 22...24 градус болот.

XS
SM
MD
LG