Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Кыргызстанда Toyota өкүлчүлүгү ачылат


Кыргызстанда Жапониянын Toyota Motor корпорациясынын өкүлчүлүгү ачылууда. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен аталган ишкананын Европа боюнча башкы менеджери Масато Хотанын жолугушуусунда айтылды.

“Менимче бул алгачкы гана кадам, келечекте Кыргызстанда сатуу боюнча өкүлчүлүк гана эмес, автомашиналарды жыйноо боюнча ишкана дагы ачылат деп ишенем. Аны үчүн бизде бардык шарттар, анын ичинде кубаттуу кадрлардын потенциалы бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Масато Хотанын айтымында Кыргызстанда корпорациянын өкүлчүлүгүнүн ачылышы өлкөдөгү мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. (RK)

XS
SM
MD
LG