Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

"Кыял көпүрөсү" АКШда көрсөтүлөт


Кыргызстандан шайырлар Айнура Качкынбек кызы, Кенжегүл Сатыбалдиева, Нурбек Серкебаев катышкан тажрыйба театрынын спектаклинин бет ачары Нью-Йоркто эртең болот. "Яра Арт" тобу менен бирдикте даярдалган оюнда кыргыз улуттук аспаптары ойнолот, анан тышкары Киевден электрондук музыка жазган композитор, Жапониядан дизайнерлер жана хореографтар катышат.

Шайырлар Нью-Йорктун "Жаңычыл театр өнөрү" деген сыйлыкка көрсөтүлгөн. 13-майга чейин коюла турган оюн заманбап украин поэзиясына негизделген. "Биздин кыялдар жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жаткан табышмакты сыртка чыгарат. Түн ичинде биздин кыялыбыз эркин бошонуп чыгып, музыкадай чабыттайт. Кыялыбызда биз убакыт дегенди унутуп, аалам кезебиз" деп айтылат Яро тобунун Фейсбуктагы түшүндүрмөсүндө.

Бул топ кыргызстандык шайырлар менен көп жылдардан бери кызматташып, элдик эпоско негиздеген оюндарды тартуулап келет. Jch

XS
SM
MD
LG