Европадагы эң ири машине жасоочунун таза кирешеси быйылкы жылдын биринчи чейрегинде былтыркы ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу 86 пайызга өсүп, дээрлик 1.7 миллиард евродон 3.2 миллиардга көбөйдү.
Германияда жайгашкан "Фолксваген" тобуна "Ауди", "Шкода", "Сеат", "Бентли" сыяктуу автомобилдерди чыгарган ишканалар кирет. "Фолксваген" анын автомобилдерин алгандар АКШда 25 пайызга, Чыгыш Европада үчтөн бирине көбөгөнүн билдирди. Бул жеңил машинанын Кытайдагы соодасы 15 пайызга көбөйгөн. Бул маалыматтан кийин "Фолксвагендин" Франкфурт биржасындагы акциялары 4.2 пайызга кымбаттап кетти.