Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:00

Грузия Малеванаяны Кыргызстанга бере албайт


Малеваная качкын макамын берүүнү өтүнгөндүктөн Грузиянын мыйзамдарына жана эл аралык укук нормаларга ылайык аны Кыргызстанга өткөрүп берүү мүмкүн эмес. Грузиянын Баш прокуратурасынан ушундай кат келгенин бүгүн Кыргызстандын Баш прокуратурасы кабарлады. Бирок ага карабастан кыргыз тарап Грузияга дипломатиялык каналдар аркылуу Оксана Малеванаяны өткөрүп берүү жөнүндө кат жибергени да айтылды.

Грузиянын расмий булактары ырасташкандай, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяга анын укуктук макамы аныкталмайынча Тбилисиде калууга уруксат берилген. Анын алдында апрел окуяларына байланыштуу соттолуп, Кыргызстанда издөөдө жүргөн Малеванаяны Украина өз аймагына киргизбей койгону маалым болгон.

Апрел окуясы боюнча кылмыш ишинде Малеваная Бакиевдин "интеллектуалдык көмөкчүсү" деп аталган. (RK)

XS
SM
MD
LG