Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

АКШ Пакистан менен ташуу жолун талкуулады


АКШнын улук өкүлү бүгүн Исламабадда Ооганстандагы аскер базаларына Пакистан аркылуу НАТОнун жүктөрүн ташууга көндүрүүгө аракет жасады. Марк Гроссман маселе дароо чечилбей тургандыгын моюнга алды.

– Биз Пакистандын жана бүт аймактын туруктуу болуп, өнүгүшүнө кызыкдарбыз. Анын ичинде Ооганстанда тынчтык болуп, гүлдөп-өсүшүн каалайбыз. Биздин душманыбыз да, максатыбыз да бир.

Өткөн ноябрда АКШнын жаңылыш бомбалоосунан пакистан армиясынын 24 аскери набыт болгондон кийин Исламабад өкмөтү ташуу жолдорун жаап салган эле. Гроссман бул каргашага АКШ өкүнөөрүн, бирок кечирим сурабай тургандыгын кайталады.

XS
SM
MD
LG