Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Парламентте өкмөттүн программасы боюнча кызуу талкуу уланууда


Жыйында өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов парламентти сот реформасын тездетүүгө чакырды. Бабанов ошондой эле 2011-жыл өкмөттүн иши үчүн ийгиликтүү болду деп ырастады. Бирок оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев өкмөттүн отчетун “жөн гана популисттик сөздөр” деп баалап, аны "талкуулоонун кажети жоктугун” айтты. "Биз бекеринен эле өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган жокпуз. Бабановдун алдында экономиканын темпи азайып, калктын жашоо деңгээли начарлап кетти”, деди ал. Өз кабарчыбыз сөз сураган депутаттардын узун тизмесинен улам, талкуу дагы бир топко уланаарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG