Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Чернобыл каргашасы эскерилди


Украинада мындан 26 жыл мурда жарылган атомдук реакторду бекемдөөчү темир контейнердин алгачкы курулушунун алдындагы эскерүүгө президент Виктор Янукович катышты:

Мындай каптама структуранын дүйнөдө теңдеши жок. Анын ийгиликтүү бүткөрүлүшү айланадагы бардык аймактардын экологиялык коопсуздугун кепилдейт.

Дүйнөдөгү теңдешсиз ядролук алааматтын чордонундагы жаңы каптоонун курулушу 2015-жылы бүтөт деп пландалган. 1986-жылдын 26-апрелиндеги жарылуудан кийинки тазалоо иштеринде ондогон киши набыт болгон. Ал иштерге катышкан 500 чакты киши бүгүн украин парламентинин алдына митингге чыгып, жөлөк пулду толугу менен төлөөнү талап кылышты. Жөлөк пулду өкмөт былтыр кыскартып салган эле.

Кыргызстандан Чернобылды тазалоого катышкан бир нече миң кишиден 600 чактысы радиацияга байланышкан оорулардан набыт болгон. Алардын бир жарым миңдей балдары да дарыгерлердин каттоосунда турат.

XS
SM
MD
LG