Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара аскерлигинин маалымдаганына караганда, кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз өтүп бараткан жалпы баасы 3 миллион сомдон ашык 90 тоннадан көп күйүүчү май кармалды. Эки шоопур колго түшүп, дагы экөө качып кеткенге үлгүргөн. Азыр бул иш боюнча кылмыш иш козголуп, тергеп-иликтөө жүрүп жатат.
Былтыртан бери Кыргызстандан арзан күйүүчү майды Тажикстанга мыйзамсыз ташып барып сатуу тыйылбай жатат. (EBM)
Былтыртан бери Кыргызстандан арзан күйүүчү майды Тажикстанга мыйзамсыз ташып барып сатуу тыйылбай жатат. (EBM)