Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ооруканаларга АКШ өкмөтү гуманитардык жардам таратып жатат. Жардамдын жалпы суммасы - 2 миллион 116 миң доллар. Медициналык жабдуу, дары-дармек жана ортопедиялык буюмдар ар бир оорукананын талабына жараша бөлүшүрүлөт. Ошондой эле бул гумжардам айрым интернат үйлөргө да берилет. (RK)