Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:49

Янукович Тимошенко сабалган деген маалыматты текшерүүнү буйруду


Украина президенти Виктор Янукович экс-премьер-министр Юлия Тимошенко абакта сабалган деген маалыматты текшерүү буйругун берди.

- Менин ыйгарым укуктарымдын чегинде Башкы прокуратурага бул ишти текшерүү тапшырмасын бердим жана жакынкы келечекте конкреттүү жооп алабыз деп ишенем.

Түрмөдө ыдык көрсөтүлгөнүн ырастаган Тимошенко бир аптадан бери ачкачылык кармоодо. Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон бул ишке байланыштуу камтамасын билдирип, биримдиктин элчилерине Тимошенко менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө Киев өкмөтүн чакырды.

Ал аралыкта Германиянын президенти Йохаим Гаук эмки айга пландалган Украинага сапарынан баш тартты. Тимошенко кызматынан кыянат пайдаланган деген айып боюнча былтыр октябрда 7 жылга эркинен ажыратылып, учурда Харковдогу абакта отурат.

XS
SM
MD
LG