Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Бишкекте түрмө жашоосу жөнүндө фотокөргөзмө өтүп жатат


Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде абактагы жашоо жөнүндө баяндаган фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат.

Италиялык сүрөтчү Алессандро Скотти жана анын кыргызстандык кесиптештери Алимжан Жоробаев менен Максим Шубович былтыр Кыргызстандагы абактардын көпчүлүгүн кыдырып, 600дөй сүрөт тарткан. Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнөн жана эл аралык эксперттерден турган атайын комиссия алардын ичинен 42ни тандап алган. Көргөзмөгө мына ошол сүрөттөр коюлган.

Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы абак реформасын колдоо программасынын алкагында ишке ашууда. Буга чейин ушул эле көргөзмө Австрияда, Вена шаарында уюштурулган. Аны 111 өлкөдөн 800дөн ашуун киши келип көргөн. (RK)

XS
SM
MD
LG